Саламаттык сактоо министрлиги 73 млн сомго лабораториялык жабдууларды сатып алат
Саламаттык сактоо министрлиги лабораториялык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин баасы 73 миллион 233 миң сомду түзөт. Бул сумма баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын (Дүйнөлүк банк) алкагында республиканын саламаттык сактоо мекемелерине лабораториялык жабдууларды сатып алууга жумшалат.