Саламаттык сактоо министрлиги кымбат баалуу жабдууларды сатып алат

12 ноября 2020, 12:33

Саламаттык сактоо министрлиги 24,2 миллион сомго медициналык жабдууларды сатып алганы жатат.

Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Сатып алуулардын тизмесинде кымбат баалуу медициналык жабдуулар дагы, тиричилик техникасы дагы бар. Тактап айтканда, эки камералуу муздаткыч жана витрина сатып алынаары жазылган. Медициналык шаймандарга мобилдик рентген, УЗИ аппараттары, ЭКГ аппараттары жана башка тиешелүү шаймандар кирет.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги өткөн айда эле жалпы суммасы 79,6 миллион сомго жабдууларды сатып алууга тендер жарыялаган.