Полиомиелитке каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча тендер жокко чыкты

29 сентября 2021, 14:20

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелитке (шал оорусу) каршы эмдөөнү жайылтуу үчүн блогерлердин кызматына тендерди жокко чыгарды. Бул тууралуу министрдин орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Дээрлик 1,5 миллион сомго блогерлердин кызматына тендер жарыяланганы тууралуу маалымат бизге жетери менен аны жокко чыгаруу чечими чыкты. Бул бюджеттик акчаны максатсыз чыгым кылуу деп эсептейм жана бул тендер болбой калды", - деп жазды вице-премьер-министр Facebook баракчасына.

Буга чейин бул демилге коомчулуктун сынына кабылган.