Тез жардам унаасын сатып алууда бюджетке 19 млн сом зыян келтирилген

29 марта 2021, 12:30

Тез жардам унааларын сатып алууда Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке дээрлик 19 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзгөн учурда Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен тез жардам кызматына автоунаалар мыйзам бузуу менен сатып алынгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 21-сентябрына карата «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимдер жок болгондугуна карабастан, Саламаттык сактоо министрлиги аталган долбоордун келишимдердин алкагында деп 66 даана тез жардам автоунаасын ар бирин 2 924 267 сомдон сатып алуу жөнүндөгү негизсиз протоколдук чечим кабыл алган.

2020-жылдын 21-октябрында Саламаттык сактоо министрлиги «В» ЖЧКсы менен «Газель Соболь 4х4» үлгүсүндөгү 66 даана тез жардам автоунаасын сатып алуу үчүн 193 001 222 сомго (ар бири 2 924 267 сом) келишим түзгөн.

Ошону менен бирге, автоунаалар Россия мамлекетинде чыгарылганын, ал жакта орус акчасы «рубль» колдонулганын эске албастан, аталган келишимде 66 даана автоунаалардын жалпы баасы 2 504 898 АКШ доллары (ар бири 37 953 АКШ доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн жана АКШ доллардын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес 2020-жылдын 8-августундагы кыргыз сомуна карата негизсиз алынгандыгына байланыштуу ар бир автоунаанын баасы 94 миң 232 сомго жогорулаган.

Натыйжада, Саламаттык сактоо министрлиги келишимдин шартына ылайык «В» ЖЧКсы автоунааларды өз убагында камсыз кылбагандыгына байланыштуу 3 млн 465 миң 151 сом туумду кармап калып, 189 млн 536 миң 470 сом которгондун ордуна АКШ долларынын курсу менен 208 млн 513 миң 151 сом которуп, мамлекетке 18 млн 976 миң 681 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.