Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга 20 млн сомдон ашык каражат сарптайт

21 апреля 2021, 14:45

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 20 миллион 68 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, 126 ар кандай дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу пландаштырылууда.

Алар стерилденген жана стерилденбеген мээлейлерге көбүрөөк каражат сарпташарын кошумчалайбыз.