Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга 167,7 млн сом жумшайт

11 октября 2021, 09:26

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Жалпысынан 43 тез жардам унаасын сатып алууга 167,7 миллион сом жумшалат, же ар бири 3,9 миллион сом болот. Бул суммага автоунааларды керектүү медициналык жабдуулар менен жабдуу да кирет.

Тез жардам унаалары ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өтүшү керек.