Саламаттык сактоо министрлиги 174 млн сомго инсулин препараттарын сатып алат

30 марта 2023, 13:51

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 174 миллион 313 миң 320 сомду түзөт. Бул суммага министрлик инсулин жана анын аналогдорун, инсулин шприцтерин, ошондой эле диабетти дарылоодо колдонулуучу препараттарды сатып алууну пландаштырууда.