Мирбек Касымов «РСК Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болду

9 января 2023, 16:45

Улуттук банк “РСК Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди бекитүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Мирбек Касымов “РСК Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды.

Чечим 2022-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.