Мирбек Касымов «РСК Банктын» директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кетти

11 апреля 2023, 14:28

"РСК Банктын" акционерлери 30-мартта жалпы жылдык чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Жалпы жыйындын чечимдеринин бири "РСК Банктын" директорлор кеңешинин мүчөсү Мирбек Касымовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу болду. Ал 2022-жылдын ноябрынан бери директорлор кеңешинин мүчөсү болчу.

Бош турган кызматка Кубанычбек Көлбаев төрт жылдык мөөнөткө шайланды.