Мирлан Кубаталиев «Манас» ААКнын башкармалыгынын мүчөсү болду

25 июля 2022, 09:08

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын мүчөсү Данияр Кысановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

"Манас" ААК башкармалыгынын жаңы мүчөсү болуп Мирлан Кубаталиев дайындалды. Ал 2020-жылдын январынан тарта "КТ-Мобайл" ЖЧКсынын директору болгон.