Мирлан Султанов «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болду

28 марта 2024, 15:02

“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Банктын акционерлеринин чечими менен былтыр август айында ишин баштаган директорлор кеңешинин мүчөсү Камбарбек Молдобековдун ыйгарым укуктары токтотулду. Анын эмне себептен кызматтан кеткени айтыла элек, бирок анын ордуна Мирлан Султанов келери белгилүү болду.

Кошумчалай кетсек, чечим 28-марттан тартып күчүнө кирет.