Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды

4 апреля 2024, 14:02

Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мындай чечим административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө токтомга ылайык кабыл алынды.