Мирланбек Байгончоков финансы министрлигинин орун басары болуп дайындалды
Мирланбек Байгончоков финансы министрлигинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетүүчү нерсе, Байгончоков 2010-2019-жылдары финансы министринин орун басары болуп иштеген.
Эске сала кетсек, 15-октябрда финансы министри болуп Кыялбек Мукашев дайындалган.