Дүйнөлүк экономика 2021-жылы 4.7% жогорулашы мүмкүн

19 марта 2021, 14:00

ИДПнын Дүйнөлүк көрсөткүчү 2021-жылы 4.7% жогорулайт. Бул тууралуу БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча адистери билдиришкени БУУнун сайтында маалымдалды.

 

Эксперттер билдиргендей дүйнөлүк экономика жакынкы айларда жогорулайт. Анын башкы себеби, АКШнын өкмөтү тарабынан кабыл алынган 1,9 триллион доллар өлчөмүндөгү стимулдаштыруу пакети.

Бул демилгенин негизинде америкалыктар керектөөчү чыгашаларды камтыган 1.4 миң доллар өлчөмүндө каражат ала алышат. Бул ИДПнын 70% түзөт.

Өз кезегинде Россияда экономика, мунайга болгон баа жогорулай баштагандан тарта калыбына келе баштады. Өлкөдо экспорт жана фискалдык кирешелер өсүп жатат.

Ал эми Кытайдын экономикасы 2020-жылы эксперттер күткөндөн дагы 2.3% жогорулаган.