Кыргызстан менен Centerra тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктоодо

3 января 2022, 13:47

Канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштарга жетишилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенине болгон иш сапарында билдирди. 

Анын айтымында, учурда тараптар “Кумтөр Голд Компанпи” ЖАКты толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктоодо.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

"Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот. Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү", - деп белгиледи Садыр Жапаров.