Буудайдын дүйнөлүк баасы 1,6% кымбаттады

15 августа 2023, 14:21

Буудайдын дүйнөлүк баасы акыркы тогуз айда биринчи жолу 1,6% кымбаттады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, буудайдын баасынын өсүшү Украинадан келген экспорттук жеткирүүлөрдүн белгисиздигине, ошондой эле Түндүк Америкадагы туруктуу кургак аба ырайына байланыштуу.

Ошол эле учурда июль айында данга баанын индекси 0,5% төмөндөгөн.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюму муну Аргентина жана Бразилиядан келген түшүмдөрдүн эсебинен жүгөрү сунушунун сезондук көбөйүшүнүн натыйжасында тоют данынын дүйнөлүк баасынын 4,8% төмөндөшү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарында күтүлгөндөн жогору өндүрүш менен түшүндүрдү.