Дүйнөлүк коргонуу чыгымдары 2020-жылы дээрлик эки трлн долларга жетти

28 апреля 2021, 10:20

Өткөн жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдардын жалпы көлөмү 1 триллион 981 миллиард долларга чейин көбөйдү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 2,6% көп. Мындай маалыматты Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөө институту (SIPRI) келтирген.

SIPRI пандемияга карабастан чыгымдар көбөйгөнүн белгилейт. Экономикалык оор шарттарда өлкөлөр ушул тенденцияны улантабы же жокпу эксперттер байкап турушат.

Бардык чыгымдардын 9% АКШда - 778 млрд доллар, бул 2019-жылга салыштырмалуу 4,4% га көп. Экинчи орунда Кытай турат жана ага 252 миллиард доллар сарпталды. Кытайдын чыгымдары жыл ичинде 1,9% га, 2011-жылдан бери 76% га өстү. Кытайдын чыгымдары 26-жыл катары менен өсүүдө.

2020-жылы Орусиянын аскердик чыгымдары 2,5% га көбөйүп, 61,7 млрд долларга жетти, тенденция экинчи жыл катары менен байкалууда. Улуу Британия 59,2 миллиард доллар сарптады, Германия чыгымдарын 5,2% көбөйтүп, 52,8 миллиард долларды түздү.

Кытайдан тышкары Индия (72,9 миллиард доллар), Жапония (49,1 миллиард доллар), Түштүк Корея (45,7 миллиард доллар) жана Австралия (27,5 миллиард доллар) Азиядагы эң ири аскердик чыгымдары менен мактанышат.