«Мой свет» тиркемесин 1 миллиондон ашык керектөөчү жүктөдү

26 сентября 2023, 11:45

“Мой свет” мобилдик тиркемесин бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык керектөөчү жүктөдү. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары” ишканасынан басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган тиркеме аркылуу электр энергиясын төлөбөгөндүгү үчүн өчүрүүлөр, аткарылып жаткан иштердин дареги, күнү жана убактысын көрсөтүү менен пландуу өчүрүүлөр, электр энергиясы үчүн онлайн эсеп-квитанция, жарык үчүн карыз же ашыкча төлөм тууралуу билсе болот.