Улуттук банктын монетасы «Жылдын монетасы» номинациясында орун алды

27 октября 2022, 16:45

Улуттук банктын "Жашоо үчүн рахмат!" коллекциялык монетасы абройлуу Эл аралык "Монета жылдызы - 2022" сынагында "Жылдын монетасы" номинациясында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин сайтында жарыяланды.

"Монета жылдыздары" КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү бирден-бир эл аралык эстелик монета сынагы. Сынактын уюштуруучусу орусиялык “Уотер Марк” басма үйү. Жеңүүчүлөр ири музейлердин, аукциондук үйлөрдүн, нумизматикалык коомдордун жана монеталар боюнча адистештирилген басылмалардын адистеринен турган кесипкөй калыстар тобу тарабынан аныкталды.

Быйыл калыстар тобунун мүчөлөрү салттуу түрдө "Уникалдуу концепция", "Мыкты көркөм чечим", "Оригиналдуу технология", "Мыкты жүгүртүүдөгү монета", "Сувенир монетасы", "Жылдын күмүш тыйыны", "Жылдын алтын тыйыны", "Жылдын монетасы» деген тогуз негизги номинация боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген жеңүүчүлөрдү аныкташты.