Монголиянын президенти пенсионерлер алган насыяларды кече тургандыгын билдирди

6 января 2020, 10:21

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жаңы жылдык куттуктоосунда, өлкөдөгү пенсия курагындагы насыя алган жарандардын карыздары кечириле тургандыгын билдирди. Монгол эл башчынын бул сүйлөгөн сөзү, президенттинн официалдуу сайтында жайгашкан. 

«Монголиянын Коопсуздук кеңеши бардык пенсионерлердин насыяларын кечүү боюнча чечим кабыл алгандыгы мени кубандырат. Бул чечим жарандарды карыздардан куткарууга жардам берет» , - деп билдирди президент.

 

Монголияда учурда 380 миң пенсионер бар жана алардын жарымы насыя алгандар. 

Президенттин кайрылуусу 2020-жылда өтө турган кезектеги парламенттик шайлоо алдында жаңырды. Буга байланыштуу кээ бир монголиялык саясатчы жана экономисттер президенттин бул кадамын популист катары баалашууда. Буга мисал, юрист жана мурунку юстиция министрликтин орун басары, Коопсуздук кеңеш бул маселени чечүүгө эч кандан укугу жок экенин айтып чыкты. Анын айтымында, мындай маселелерди парламент чечет.