Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору кызматтан бошотулду

25 марта 2021, 15:30

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров кызматтан бошотулду. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 9-мартында кол койгон. 

 

Белгилей кетсек, Шухрат Сабиров аталган ведомствону 2017-жылдын 15-февралынан бери жетектеп келген.