Монополияга каршы күрөшүү кызматы нефтетрейдерлер менен жолукту
Орусиянын дүң соода тармагында күйүүчү- майлоочу майга баанын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы нефтетрейдерлер менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Жыйынга “РН-Кыргызнефтепродукт” ЖАК, “Газпромнефть-Азия” ЖЧК, “Альфа Ойл” ЖЧК, “Партнер Нефть” ЖЧК, “ШНОС” ЖЧК жана “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында иш-чаралардын комплекси иштелип чыгып, Экономика жана соода министрлигине сунуштар жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, күйүүчү май менен камсыздоочулар менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлерге төмөндөгү сунуштар берилди:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргызстандын мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
- Кыргызстандын ички рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү;
- күйүүчү-майлоочу майга баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө;
- Кызматтын суроо-талаптарына тезирээк жооп берүүгө;
- рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө;
- үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл запастарын камсыз кылууга;
- май куюучу жайларда аз толтурууну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү.