Москва-Бишкек-Москва каттамы жумасына 6 жолу аткарылат

15 марта 2021, 13:15

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирет.

 

Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Орусиянын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:

- «Аэрофлот» авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;

- «Ураль авиалиниясы» авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;

- «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.

Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.