«Бишкекзеленхоз» аз камсыздарга отун тарата баштады
"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мэриянын социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, аз камсыз болгон 360 үй-бүлөгө отун берилет.
"Ишкана борбор калаадагы куурап калган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган 540 кубометрге жакын отундарды бекер берүүнү пландоодо", - деп билдирди басма сөз кызматы.