«БАПБ» менен Монголиянын банкы меморандумга кол коюшту

25 мая 2023, 10:26

Кечээ, 24-майда “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен Монголиянын банкынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Анын негизги максаты өлкөлөрдүн каржы секторун санариптик трансформациялоо үчүн бизнес кызматташууну түзүү. 

Бул меморандумдун алкагында: 

  • төлөм системалары чөйрөсүндө кесиптик билимдерди жана ноу-хаулар алмашылат;
  • эки тараптын улуттук төлөм карттарын тейлөөгө өз ара кабыл алууну ишке ашырууда кызматташуу ишке ашырылат. 

Монголиянын банкы менен өнөктөштүк санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Ал  эми тажрыйба алмашуу Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча милдеттерин натыйжалуу ишке ашырууга, эки тараптын улуттук төлөм карталарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.