Эми IFRS макулдугу менен финансылык отчетторду кыргызча даярдоого болот

20 января 2023, 09:52

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын кеңеши Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (International Financial Reporting Standards) мамлекеттик тилге которууну жактырды жана кабыл алды. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органы билдирди. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-октябрында Кыргызстандын Финансылык көзөмөл органы менен Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын кеңеши ФОЭСтерди орус тилинде кабыл алуу, басып чыгаруу жана стандарттарды кыргыз тилге которуу боюнча орто жана кичи ишкердүүлүк тармагындагы лицензиялык келишимдерге кол койгон.

Муну менен, Кыргызстанда финансылык отчетторду кыргыз тилинде тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары, Бухгалтерлердин Эл аралык федерациясы (International Federation of Accountants) Аудиттин стандарттарын (ISA), кесипкөй бухгалтерлердин этика кодексин мамлекеттик тилде бекитти.