Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго суракка чакыртылды

21 октября 2020, 09:52

Бүгүн экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасы өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты. 

Азырынча кайсы иш менен суракка чакыртылганы белгисиз. 

Болжолдуу маалымат боюнча, ал пандемия учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишке күбө катары сурак берет. 

Эске сала кетсек, кечээ Бажы кызматынын жетекчисинин мурдакы орун басары Райым Матраимов кармалган