Бишкекте муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт

23 февраля 2021, 14:00

 Бишкекте 24-февралда, ошондой эле 22-23-март күндөрү шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак такталарын, муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукциону өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, аукционго бир жылдык мөөнөткө жарнамалык 30 жарнама тактасы жана үч жылдык мөөнөткө 20га жакын муниципалдык объектилер коюлат.

Мэрия шаардыктарды, ишкерлерди онлайн аукционго катышууга чакырат.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында электрондук аукцион аркылуу жерди жана муниципалдык жайларды ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык процедураны ачык-айкын көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.