Кант муниципалитети мамлекетке 26 млн сом зыян келтирген

18 октября 2022, 12:50

Кант шаарындагы Эмен паркынын жерлерин жеке менчикке жана ижарага мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Канттагы Эмен токою паркынын жерлери мамлекетке тиешелүү экени такталган. Бирок, жергиликтүү бийлик тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп, сейил бактын жерлери ижарага берилип, ал жерге жеке соодагерлер мыйзамсыз түрдө бак-дарактарды кыйып, билим берүү мекемелерин куруп, андан сырткары соода түйүндөрүн жана спорт аянтчаларын уруксат кагаздары жок орнотушкан.

Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жалпысынан 26 миллион 726,5 миң сом зыян келтирилген.