Мураска алынган мүлктү сатууда салыкты жоюу сунушталды

17 ноября 2023, 11:41

Кыргызстанда мураска алынган кыймылсыз мүлк бир жыл ичинде сатылса, мураскорлор салыктан бошотулушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Негиздеме-маалымкатта учурда мураска алынган кыймылсыз мүлк бир жыл ичинде сатылса, мүлккө 10% салык салынары айтылат. 

Быйыл тогуз айда мураска алынган 2 миң 100 кыймылсыз мүлккө киреше салыгы төлөнгөн.