Мураталы Тагаев Жети-Өгүзгө аким болду

14 марта 2022, 15:40

Мураталы Тагаев Жети-Өгүз районунун акими болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тагаев Мураталы Абдыкарович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды, - деп айтылат маалыматта.