Ички иштер министрлиги сувенирлерге 270 миң сом сарптайт
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Финансылык жана экономикалык жактан камсыздоо башкы башкармалыгы сувенирлерди жасоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Жалпысынан сувенирлерге 270 миң сом жумшоо пландалууда.
Продукциялар ушул жылдын ноябрь айынын ортосуна чейин чыгарылышы керек.