ЭВФ 2022-жылы кирешелерди көбөйтүү боюнча салык кызматынын күчөтүлгөн ишин белгиледи

20 декабря 2022, 11:52

Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө аракеттери 2022-жылы кирешелерди чогултуунун олуттуу жакшырышына алып келди. Бул тууралуу Эл аралык валюта коруна шилтеме берүү менен салк кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 11 айында мекеме 185 миллиард 848,9 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 55,8 миллиард сомго көп.

"Салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарына талдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн аркасында мүмкүн болду", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматы ошондой эле электрондук эсеп-фактураларды, контролдук-кассалык машиналарды жана ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу үчүн Консолидацияланган почта системасын киргизүүнү камтыган “СМАРТ Салым” салык процедураларын санариптештирүү долбоорлорунун жыйынтыктарына жооп берет.