ЭВФ Улуттук банкка акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштоодо

5 декабря 2022, 11:21

Эл аралык валюта фонду Улуттук банкка акча-кредит саясатын катаалдаштырууну жана инфляция кескин төмөндөө траекториясына түшкүчө ликвиддүүлүктү кыскартууну сунуштады. 

"Акча-кредит саясатынын эффективдүүлүгүн Улуттук банктын векселдерин сатуу боюнча аукциондордо пайыздык чендердин чектөөлөрүн алып салуу, акча-кредиттик жана фискалдык саясат менен ликвиддүүлүктү тескөө ортосундагы координацияны жакшыртуу, ошондой эле субсидияланган мамлекеттик кредиттерди камтуу менен күчөтүүгө болот", - деп айтылат ЭВФтин маалыматында. 

Эксперттер суроо-талаптын басымына карабастан, ноябрь айынын аягында Улуттук банк эсептик ченди 100 базистик пунктка, 13%га чейин түшүргөнүн белгилешет.

"Бирок, азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон жогорку баалар, Орусиядан келген иммиграция, күчтүү ИДӨ жана эмгек акынын өсүшү жакынкы айларда инфляциялык басымдын жогорулашын сактап калышы мүмкүн", - деп билдирди фонд.