ЭВФ Кыргызстанда экономиканын өсүшүн 3.8% болот деп болжошууда

19 марта 2019, 17:53

Эл аралык валюта  фонду 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча  Кыргызстанда экономикалык өсүү  3.8% болорун болжошууда. Бул тууралуу 19 мартта журналисттерге Кыргызстандагы ЭВФ миссиясынын башчысы   Кристиан Жос билдирди.

Анын  айтымында инфляция  2.2%, бюджеттин  дефицити ИДӨ  3.4% түзөт. Ушул эле маалда ЭВФ берген болжолунда  бюджеттин  дефицити Жогорку  Кеңеш  бекиткенден  – 2.7% жогору.

«Дефицит жогору болот, биздин эсеп боюнча, салыктык чогултуулар, айрыкча КНС  төмөн болуп, бюджет күтүлгөндөн төмөн болушу ыктымаал. Мамлекеттик карыз  турукташып, ал  2018-жылга  караганда төмөн болот»– деп билдирди Жос.