ЭВФ Кыргызстандын 12,6 млн доллар тышкы карызын кечти

12 октября 2021, 17:39

Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши 6-октябрда аз кирешелүү 24 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын табигый кырсыктардан сактоо жана жардам көрсөтүү фондунун (CCRT) алкагында карыздарды кечүү чечимин жактырды.

Мындай чечим Экономика жана финансы министрлиги менен ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу миссиясынын 2021-жылдын сентябрь айынан баштап биргелешкен ишинин натыйжасында жетишилди.

"Муну менен Кыргызстан ЭВФке 2021-жылдын 8-октябрынан 2022-жылдын 10-январына чейинки мезгилге эсептелген 12,6 миллион доллар карызын кыскартат", - деп айтылат маалыматта.

Бул карызды жоюу Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн саламаттык сактоо секторуна жана экономикалык колдоого каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жардам берет.