ЭВФ экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 млрд доллар бөлөт

3 августа 2021, 10:00

Эл аралык валюта фонду глобалдык ликвиддүүлүктү жогорулатуу үчүн 650 миллиард доллар бөлөт. Бул сумманын 275 миллиард доллары өнүгүп келе жаткан рынокко жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жумшалат, деп айтылат фонддун сайтында.

ЭВФ бул фонддун тарыхындагы карыздык каражаттарды эң чоң бөлүштүрүү экенин белгиледи. Фонддун директорунун айтымында, бул кадам резервдерге болгон узак мөөнөттүү глобалдык муктаждыкты канааттандырат, ишенимди бекемдейт жана глобалдык экономиканын туруктуулугуна салым кошот.

Каражат бөлүү боюнча чечим 2021-жылдын 23-августунда күчүнө кирет. ЭВФке мүчө болгон өлкөлөргө кредит берүү фонддо болгон квоталарга пропорционалдуу түрдө ишке ашырылат.

Учурда Кыргызстандын фонддогу квотасы 256,9 миллион долларды түзөт.