Жаныбеков: пахтанын дүйнөлүк баасынан көз каранды болбойбуз

16 февраля 2023, 15:46

Быйылкы жылы Кыргызстанда пахта аянтын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев келгенде биз келишимге кол койгонбуз, анын негизинде пахтаны да, андан даяр буюмдарды да өндүргөн кластер түзүлөт", - деп түшүндүрдү министр.

Анын айтымында, бул Кыргызстандын чийки пахтасынын дүйнөлүк баадан көз карандысыз болушуна шарт түзөт.