Мясникович: ЕЭК ишкерлер менен ачык диалогду кеңейтет

8 марта 2023, 09:51

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович Москвада өткөн форумда ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизнес өкүлдөрү менен ачык диалогду кеңейтерин белгиледи. Бул тууралуу ЭАКтин басма сөз кызматы билдирди. 

Мясникович “Горизонтту кеңейтүү: жаңы шарттарда евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы жана бизнестин ролу” деген темада бандама жасаган. 

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы өткөн жылы ишкерлерден түшкөн 861 сунуштун жарымына жакыны Евразия экономикалык биримдигинин жөнгө салуучу органынын документтерине киргизилгендигин айтты.

"ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасын өнүктүрүүгө ишкерлерди тартуу кеңейет”, - деп кошумчалады Мясникович.

Ошондой эле, ал бизнесмендерди орто жана узак мөөнөттүү келечекте евразиялык интеграциянын потенциалын кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышууга чакырды.