Кыргызстандан 127 миң долларга тең алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткандар аныкталды
Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Казакстанга ири өлчөмдөгү алтынды мыйзамсыз ташып бара жаткан факт аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунда Mersedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа текшерилген. Жыйынтыгында унаанын салонунда 127.5 миң долларга бааланган 10 коробкага салынган зер буюмдар табылган.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.