Мыйзамсыз сатылып жаткан 26 миң бөтөлкө алкогол ичимдиктери аныкталды

5 октября 2020, 14:50

Чүй жана Баткен облустарында мыйзамсыз сатылып жаткан алкогол продукциялары аныкталды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. 

 

Жалпысынан 26 миң 369 бөтөлкө алкоголдук ичимдик аныкталды. Анын ичинен Баткен шаарындагы кампалардын биринен 16 миң 682 бөтөлкө, Ысык-Ата районунан 9 миң 687 бөтөлкө.

Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.