Мыйзамсыз тилкеге имарат курган ишкерге 200 миң сом айып тагылды
Бишкектин Асанов көчөсү, 23 дарегинде мамлекеттик экспертизанын уруксаты жок мыйзамсыз имарат курулган. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкер А.С. өлкөнүн Укук бузуулар боюнча кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүнө (долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу) ылайык акт жана протокол түзүлүп, 200 миң сом айып салынган.