Канттын дүйнөлүк баасы 3,9%га төмөндөдү

17 августа 2023, 16:39

Июль айында кумшекердин дүйнөлүк баасы мурунку айга салыштырмалуу 3,9% төмөндөдү. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, баанын төмөндөшүнө Бразилиядагы жигердүү оруп-жыюу, Индиянын көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын көбөйүшү жана дүйнөдөгү эң ири кант импорттоочулар Индонезия менен Кытайдын кумшекерге суроо-талабынын басаңдашы себеп болгон.