Кыргызстанда катталган орусиялыктардын саны 72%га өстү

4 октября 2022, 16:29

Өлкөдө 21-сентябрдан 3-октябрга чейин Орусиянын 10 миң 430 жараны жашаган жери боюнча каттоодон өткөн. Бул тууралуу “Акчабарга” санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2021-жылдын ушул мезгилине карата орусиялыктардын саны 6,63 адамды түзгөн. Өсүү 72% түздү.

Сентябрь айынын ичинде Орусиянын 22 252 жараны катталган. Бул өткөн жылдын сентябрына салыштырмалуу 16,7% көп.

Белгилей кетсек, Орусиянын жарандары Кыргызстанга киргенден кийин 30 күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттоого турушу керек.