Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7,3% га кыскарды

13 сентября 2021, 13:29

2021-жылдын биринчи жарымында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөдү. Айрыкча, курулушта жана айыл чарбасында көлөмдүн азайышы байкалган. Өсүү дүң жана чекене соодада гана болгон.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-август айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 206 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу фармацевтикалык продукциянын өндүрүшүнүн (39,5 пайызга) төмөндөшүнүн эсебинен 7,3% га, химиялык продукциялар (35,6%га), ошондой эле машиналар менен жабдуулардан тышкары негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (27,2%га) кыскарды.