Кыргызстандан Орусияга кеткен эмгек мигранттарынын саны 90 миңге көбөйдү

13 марта 2023, 11:46

Былтыркы жылы ЕАЭБдеги эмгек мигранттарынын жалпы саны 1 миллион 647 миң адамды түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 35 миңге көп. Бул тууралуу ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Ошол эле учурда ЕАЭБде жалпы эмгек рыногу 93 миллион адамды түзөт, анын 1,8%ы биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштегендер.

"Россияда 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына 12,3 миң пенсия дайындалып, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанга 2 миң пенсия экспорттолгон. Казакстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн пенсия алгандардын саны 39 адамды, Кыргызстанда 30 адамды түздү", — деди эмгек миграциясы департаментинин директору.

Ошол эле учурда ал Кыргызстандан Орусияга кеткен эмгек мигранттарынын саны болжол менен 90 миңге көбөйгөнүн кошумчалады.