Ат-Башыдагы 10,5 чакырым жолго 75 млн сомго асфальт төшөлөт

26 апреля 2023, 09:09

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти Нарын облусунун аймагындагы 10,5 чакырым жолду курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылды.

Тендердин баасы 74 миллион 923 миң 100 сомду түзөт. Бул суммага подрядчы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Чар-Ак-Муз унаа жолунун 10,5 чакырымына асфальт-бетон төшөлүшү керек.

Иштерди аткаруу мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тарта 90 күндү түзөт.