Оштогу жолду асфальттоого 43,5 млн сом жумшалат

12 апреля 2023, 09:29

“Ош шаардык жолдору” муниципалдык ишканасы жолдорду асфальттоого тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 43 миллион 547 миң 864 сомду түзөт. Бул суммага ишкана Оштогу Ленин көчөсүнүн Мамажан көчөсүнөн Загородная көчөсүнө чейинки бөлүгүн асфальттоону пландоодо.