Төө-Ашуунун түштүк тарабын асфальттоого 165 млн сом бөлүндү

27 сентября 2021, 14:50

Бишкек-Ош жол тилкесине (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) асфальт-бетон төшөлүүдө. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралганын минкабдын басма сөз кызматы билдирди. 

Аба-ырайы туруктуу болсо курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. 

Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.