Кен казуу боюнча аукциондордон өлкөнүн бюджетине 627 миң $ түшкөн

21 января 2020, 11:35

2019-жылы өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү мамлекеттик комитети кен казуу боюнча 10 аукцион өткөргөн. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. 

Аукциондун жыйынтыгында өлкөнүн бюджетине 627 миң $ каражат келип түшкөн. 2020-жылы ведомство Кадамжай сурьма чыгаруучу, Ноокат гипс чыгаруучу жана үч көмүр кенин иштетүүчү  Туюк-Каргаш, Тегене, Сүлүктү жерлерине  сынак өткөрөт.